Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Өкмөт Кумтөр долбоору даяр болуп калганын билдирди


Кумтөр
Кумтөр

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында бүгүн өкмөт мүчөлөрү Кумтөрдүн айланасындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Кыргыз тарап эл аралык арбитраж менен экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип, бир пикирге келүүгө ниеттенип жатканы маалым болду.

“Центерра Голд Инк” жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар которууга даяр экенин билдирген.

Мындан сырткары 2009-жылдагы келишимге ылайык жыл сайын төлөнүүчү каражат 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ долларына жетти. "Кумтөр Голд Компани" буга чейин өкмөт көз карандысыз эл аралык консультант катары тарткан «AMEC» компаниясы койгон бардык көрсөтмөлөрдү аткара турганын билдирди.

Өкмөттүн сайты кабарлагандай, канадалык инвесторлор республикалык Онкологиялык борборду жаңылоо үчүн 10 млн доллар бөлүүгө даяр.

«Центерра Голд Инк» ошондой эле Кыргызстанда жаңы геологиялык чалгындоого кен иштетүүчү компанияларды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш комитети сүйлөшүүлөрдөгү жетишкендиктерди колдоп, маалыматты палатанын кароосуна макулдашууга жиберди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча жаңы макулдашуунун долбоору даярдалып бүткөнүн маалымдап, бирок сүйлөшүүлөр бир жыйынтыкка келмейинче алдын ала маалымат таратылбасын айтып келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG