Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Атамбаев: Административдик эмес, финансылык ресурстан кооптоном


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды келерки президенттик шайлоодо добушун сатпоого чакырды.

Бүгүн Бишкекте Эгемендик күнүнө карата салтанатта сүйлөп жатып ал бийлик КСДПдан талапкерди жеңишке жеткирүү үчүн административдик ресурсту колдонуп жатат деген сөздөрдү четке какты.

"Административдик ресурс азыр эч нерсе чечпейт. Мен андан эмес, финансылык ресурстан кооптоном. Бай талапкер бүгүн добуш сатып алуу үчүн 100 доллар берсе, эртең ал элден, силердин балдарыңардан, неберелериңерден 100 миллион доллар тартып алат" деди президент.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бүгүн 31-августта өлкө Эгемендигинин 26 жылдыгын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG