Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Тиллерсон: АКШ Түндүк Кореяга тынч басымды улантат


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон билдиргендей, Түндүк Кореянын өткөн апта ичи баллистикалык үч ракетаны учурушу чагымчыл аракет, бирок Вашингтон тынч чечимди издөөнү улантат.

“Биз муну АКШга жана анын өнөктөштөрүнө каршы чагымчыл аракет деп билебиз, биз басымды тынч жол менен көргөзүүнү, Кытай жана өнөктөштөр менен иштешүүнү улантып, Пхеньяндагы режимди сүйлөшүү столуна алып келе алабызбы, карап көрөбүз”,- деди Тиллерсон Fox News телеканалы менен маегинде.

Түндүк Корея акыркы ирет кыска аралыкка учуучу ракеталарын 26-августта Жапон деңизине аткан эле.

АКШнын Тынч океандагы аскерий командачылыгы бул ракеталар алардын Гуам аралдарына багытталбаганын билдирген.

Пхеньян АКШнын Гуам аралдары ракеталык бутага алынары боюнча коркутууларды жакында жасаган. Президент Дональд Трамп буга каршы жооп чара көрүлөрүн эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG