Нурбек Жеңиш Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткара баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады.
Нурбек Жеңиш 2014-жылдан бери Улуттук банкта төраганын орун басары болуп иштеген.
Мурдагы жетекчи Толкунбек Абдыгулов 26-августта вице-премьер-министр болуп дайындалган. (SE)