Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Дагы бир талапкер президенттик жарыштан чыкты


Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясы канааттандырды. Бул тууралуу БШК билдирди. Маалыматка караганда, 26-августта Абдрахмановдун арызы каралып, анын документтерин кайтарып берүү токтому кабыл алынды.

24-августта Бишкектеши басма сөз жыйында Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, жана Замира Муратбекова президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн буга чейин берген арыздарын кайтарып алышарын жарыялашкан. Буга таза шайлоо өтөрүнө ишеним жок деген жүйө келтиришкен.

Ишембиде БШК кеминде 30 миң кишинин колу коюлган барактарды жана мамлекеттик тил сынагынан өткөнү тууралуу сертификатты өз учурунда тапшырбады деген негизде 20 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан. Алгач саясий жарышка катышуу ниетин билдирип Боршайкомго 59 адам кайрылса, учурда алардын саны 24кө кыскарды. (NT)​

XS
SM
MD
LG