Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Шайлоо-2017: Кол топтоо мөөнөтү аяктады


Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, календарлык планга ылайык 25-августта саат 23:59да президенттик кызматка талапкерлерден 30 миң же андан ашык кишинин колу коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү иши аяктады.

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз бергендердин арасынан:

1. Кожогулов Талгатбек – 32 045,
2. Кочкоров Улукбек – 51 391,
3. Турсунбек Акун – 36 163,
4. Шайымбетов Казыбек – 38 660,
5. Масалиев Исхак - 36 528,
6. Малиев Арсланбек - 55 806,
7. Карасартова Рита - 31 777,
8. Исаев Канатбек - 37 633,
9. Чороев Кубан - 39 808,
10. Үмөталиева Токтайым - 48 777,
11. Асанбеков Темирбек – 33 269,
12. Шаршекеева Камила – 39 237 кол тамга тапшырышты.

Учурда БШКнын кол тамгаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Таалатбек Масадыков, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Арстан Абдылдаев жана Эрнис Зарлыков тапшырган документтерди текшерүүдө.

Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев тапшырган кол тамгалар текшерилген. Алар берген тиешелүү документтер кабыл алынып, талапкер катары катталышкан.

Боршайком "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусу үчүн кол топтоодо шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежеси бузулган деген жүйө менен аларды жараксыз деп тапкан.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуу дымагы менен алгач Боршайкомго 59 жаран кайрылган. Алардын ичинен башында алтоо жарыштан четтетилген. Үчөө өз каалоосу менен баш тартышкан.

24-августта дагы бешөө: Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, Сагынбек Абдрахманов жана Замира Муратбекова шайлоо таза өтөрүнө ишене албаганы үчүн саясий жарышкан катышпай турганын жарыялашты. (NT)

XS
SM
MD
LG