Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Түндүк Корея чакан радиустагы ракетасын сынады


Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракета сыноосу. 28-июль, 2017
Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык ракета сыноосу. 28-июль, 2017

Түндүк Корея чакан радиустагы бир нече ракетасын сынады. Ракеталар 250 чакырымга чейин учуп, Жапон деңизине кулаганы айтылууда. Түштүк Кореянын жана Жапониянын маалымат агенттиктери Пхеньян баллистикалык ракеталарын сынаганын жазып чыгышты.

Бул 28-июлда АКШнын континенттик аймагына чейин жетүүгө жөндөмдүү болгон баллистикалык ракетаны кое бергенден берки Түндүк Кореянын алгачкы сыноосу.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жалпы үч ракета кое берилген. Бири учурулгандан кийин эле жарылган. АКШнын Коргоо министрлиги ракеталар Түндүк Америка же Гуам аралдары үчүн коркунуч туудурбайт деп билдирген.

Буга чейин эл аралык коомчулук Түндүк Кореяны эки өзөктүү дүрмөттөгүчтөрдү жана бир нече жолку ракета сынаганы үчүн айыптаган. Июлда континент аралык эки ракетаны сынагандан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга карата экономикалык санкцияларды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG