Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Украинанын чыгышында ок атышпоо режими бузулууда


Донецк
Донецк

Донбасста 25-августтун түнүндө күчүнө кирген ок атышпоо макулдашуусу бузулуп жатат. Жаңжалдашкан тараптар жаңы окуу жылын утурлай ок чыгарбоо жөнүндө сүйлөшкөн.

Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн штабынын өкүлү орусиячыл жикчилдер өкмөттүк армиянын позицияларын эки ирет аткылашканын, бир жоокер набыт кеткенин билдирди. Жикчилдердин өкүлдөрү болсо Донецк шаарынын четиндеги конуштар аткылоого туш болгонун айтышууда. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

23-августта Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча топ мөөнөтсүз ок атышпоо жөнүндө макулдашкан. Контакт тобуна Украина, Орусия, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму кирет.

БУУнун Украинадагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг миссиясынын маалыматы боюнча үч жылдан бери жүрүп жаткан согушта 10 миңге чукул киши өлгөн. 24 миңге жакын киши жарадар болду. Батыш жана Киев Орусияны жикчилдерди колдоодо деп айыпташууда. Кремл болсо Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга кийлигишкенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG