Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды


Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунун байге ээлери (55 кг.). 6.08.2017-ж. Тампере.
Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунун байге ээлери (55 кг.). 6.08.2017-ж. Тампере.

Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду. Мелдеш Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жатат.

55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Шаршенбеков алгач венгриялык Кристиан Кекскеметти (8:0), андан соң италиялык Жованни Френини (8:0), чейрек финалда орусиялык Эмин Севершаевди (13:1), жарым финалда армениялык тигран Минасянды (12:2) эсебинде жеңип финалдык таймашка чыккан. Алтын байге үчүн түркиялык Керем Камал менен таймашып, бул беттеште түрк балбаны 12:3 эсебинде жеңишти колго алды.

Бүгүн Жоламан Шаршенбековдон сырткары кыргызстандык балбандардан Роман Ким (120 кг.) финалда күрөшөт. Алтын байге үчүн ал грузиялык Звиади Ратаридзе менен таймашат.
Амантур Исмаилов (66 кг.) жооткотуучу беттеште финляндиялык балбанга жеңилип, коло байге үчүн күч сынашпай калды. 84 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Калидин Асыкеев квалификациялык беттеште эгипеттик атаандашына жеңилип мелдештерин жыйынтыктады.

Жоламан Шаршенбековдун байгеси менен учурда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын эсебинде эки күмүш байге чогулду. Бир күн мурда Акжол Махмудов (74 кг.) күмүш медал тагынган.

Кхрөштүн башка түрүнөн балбан кыз Айпери Медет кызы 4-августта Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон. Ал эми Мээрим Жуманазарова (67 кг.) менен эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу (50 кг.) коло медалга арзышкан. (ECh).

XS
SM
MD
LG