Орусия президенти Владимир Путин 4-августта Байкал көлүнө барып, анын абдан булганганына тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, суу турак жайлардан чыккан таштанды жана фермерлер колдонгон химикаттардын айынан кирдеп жатат.
Путин Байкал жалпы Жер планетасына таандык экенин, аны урпактарга таза өткөрүп берүү керектигин белгиледи.
2013-жылы көлдү коргоо жаатында иш алып барган "Байкал толкуну" аттуу бейөкмөт уюмду орус бийлиги "чет элдик агент" деп тапкан. Натыйжада уюм ишмердигин токтоткон эле.
Орусия Федерациясынын аймагындагы Байкал ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, жана дүйнөдөгү эң терең көл деп саналат. Окумуштуулардын эсебинде анын 25 миллион жылдык тарыхы бар.