Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Сот БШКны Текебаевдин тест тапшыруу маселесин кароого милдеттендирди


Бишкектин район аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын камактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Текебаевдин юристи Канатбек Азиз билдирди. Анын айтымында, сот БШКнын аракетин мыйзамсыз деп тапты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Текебаев талапкерликке катталуу үчүн БШКга биринчилерден болуп арыз берген. 26-июлда ал мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

Боршайком маселени сот аркылуу чечүү керек дегендиктен “Ата Мекен” партиясынын юристтери район аралык сотко 31-июлда кайрылган.

Текебаевдин 7 тарапкери анын тестке катышпай калганына байланыштуу дүйшөмбүдөн бери ачкачылык кармап жатышат.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда. Ишти козгогон Башкы прокуратура далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG