Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

ММК: Трамп Ооганстандагы командачыны иштен алууну сунуш кылды


Ооганстандагы АКШ жоокерлери.
Ооганстандагы АКШ жоокерлери.

Президент Дональд Трамп АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысын кызматынан алууну сунуш кылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары 2-августта кабарлашты. Маалыматтарга караганда, Трамп өткөн айда кеңешчилери менен болгон жыйында "Талибанга" каршы күрөш туңгуюкка такалганына нааразылыгын айткан.

Кабар агенттиктери атын атабаган америкалык расмий адамга таянып жазышкандай, президент коргоо министрине жана Биргелешкен штабдардын кол башчысына армия генералы Жон Николсонду иштен алууну сунуш кылышы жыйында көп талаш-тартыш жаратты. "Рейтерстин" маалыматы боюнча президент ошондой эле Кошмо Штаттар ооган өкмөтүнө жардам бергендиги үчүн Ооганстандын 1 триллион долларга бааланган минерал ресурстарынын үлүшүн талап кылууга тийиш деди. Трамп Кытай Ооганстандагы кендерди иштетүүдөн пайда таап жаткан кезде, АКШ согуштун чыгымдарын өзү көтөрүүдө деп нааразы болду.

XS
SM
MD
LG