Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын 755 дипломаты Орусиядан чыгарылаарын билдирди. Ал орус мамлекеттик телеканалы менен 30-июлдагы маегинде Орусиядагы Американын элчилиги жана консулдуктарында миңден ашык киши иштеп келгенин, алардын 755и ишин токтотушу керектигин айтты.
Орус президентинин мындай билдирүүсүнөн эки күн мурда Кремл АКШнын дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган. Ошондой эле Ак үйдөн 1-сентябрга чейин Орусиядагы дипломаттарынын санын 455ке чейин кыскартууну талап кылган.
Орус тарап мындай чечимин АКШ конгрессмендери Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамды жактыргандан кийин кабыл алды. Ак үй президент Дональд Трамп бул мыйзамга кол коёорун кабарлаган.
АКШ Конгресси кошумча санкцияларга Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо соңку мыйзам АКШнын эл аралык маселелердеги "ашынган агрессиясын" тастыктады деп белгилеген.