Швейцариянын Церматт шаарына жакын аймакта дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылды. Жөө жүрүүчүлөр үчүн курулган көпүрөнүн узундугу дээрлик жарым чакырымды түзөт, бийиктиги 85 метр. Церматтын туризм боюнча кеңешинин маалыматына караганда, көпүрө термеле бербей тургандай болуп салынган. Ал Италияга чектеш Грэхен менен Церматт шаарын бириктирип турчу туристтик маршруттун бир бөлүгү болуп калды.
Ушундай эле көпүрө Австриянын Ройтте шаарында бар. Бирок анын узундугу 405, бийиктиги 110 метр. (КЕ)