Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Марта Кыдыралиева президенттикке талапкерлигин көрсөттү


БШКнын маалыматы боюнча, 26-июлда 56 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Марта Кыдыралиевадан президенттик кызматка талапкерлигин өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышуу тууралуу арыз түштү. Ушуну менен алдыдагы саясий жарышка катышууну көздөп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандардын саны 39 адам болду. Анын отуз экиси өзүн өзү көрсөткөн, калганын саясий партиялар сунуштаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.

Арыз бергендер мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, 1 миллион сом күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди тапшыргандан кийин гана расмий түрдө талапкер болуп саналат.

Алардын шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG