Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Египетте кармалган алты студент боюнча Каирден расмий жооп күтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Ануар Жайнаков шаршембиде журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 25-июлда Египеттин тышкы иштер министринин орун басары ал жактагы Казакстандын элчиси менен жолугуп, казак тарапка жакынкы арада жооп беришерин билдирген.
- Учурда биз өз жарандарыбыздын укугун коргоо үчүн Египеттеги студенттербиздин кармоо себептерин жана чоо-жайын аныктоо ишин улантып жатабыз, - деп кошумчалады Жайнаков.
Дүйшөмбүдө Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Египет бийликтерине кайрылып, ал жакка араб тилин үйрөнүүгө барып, жоголуп кеткен алты казакстандык студентти таап берүүнү өтүнгөн. Жайнаковдун айтымында, студенттер туугандары менен байланышка акыркы ирет 20-июлда чыгышкан.
25-июлда алар Египеттин тартип коргоо органдары тарабынан кармалганы маалым болгон.