Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могеринин айтымында, Түркия адам укуктары жаатындагы көйгөйлөргө карабастан шаркетке кирүүгө талапкер катары кала берүүдө. Могерини Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча узакка созулуп кеткен сүйлөшүүлөрдө прогресске жетүү үчүн Анкара "конкреттүү кадамдарга" барышы зарылдыгын кошумчалады.
Могерини бул тууралуу 25-июлда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу жана Түркиянын Евробиримдикке кошулуу боюнча министри Омер Челик менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында айтты. Тышкы саясат боюнча комиссар Түркиядагы оппозиция мүчөлөрүнүн, журналисттердин жана укук коргоочулардын жапырт түрдө камалып жатканы боюнча тынчсыздануусун да билдирди.
Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн бир нече жылдардан бери сүйлөшүүлөр майнапсыз жүрүүдө.