Айылдык уздардын түйшүгү арбын
Нарын районунун Достук айылынын тургуну Жамбы Карыбекова өзүнүн айылындагы уздардын башын кошуп кол өнөрчүлөрдүн кооперативин 1995-жылы түзгөн. Андан бери Карыбекованын кооперативи бир нече эл аралык көрсөтмөлөрдө катышып, буюм-тайымдары бир катар чет өлкөлөргө чейин сатылган. Карыбекова бул эмгегинин аркасында ушул жылдын башында президенттин колунан “Даңк” медалын алган.