Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Иран президентинин иниси камалды


АКШ Мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Керри (солдо), Хусейин Ферейдун (ортодо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо) Венадагы маалымат жыйында, 14.07.2015
АКШ Мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Керри (солдо), Хусейин Ферейдун (ортодо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо) Венадагы маалымат жыйында, 14.07.2015

Президент Хасан Роуханинин иниси Хусейин Ферейдун финансылык кылмыш жасаган деген шек менен кармалганын Ирандын соту 16-июлда маалымдады.

Соттун маалымат катчысы Мохсени Эжеи «бул адам боюнча бир катар текшерүүлөр болду. Андан башка адамдар дагы текшерилип, айрымдары абакта жатат» деп билдирди телеканалдан көрсөтүлгөн маалымат жыйында.

«Кечээ ал күрөөгө коё берилген, бирок анын шарттарын бузгандыктан абакка жиберилди» деп кошумчалады соттун өкүлү.

Президенттин мурдагы жардамчысы Ферейдунду консерваторлор узактан бери финансылык кылмыштарга жана коррупцияга айыптап келишкен.

Январь айында ирандык депутаттар Ферейдундун ишин экономикалык кылмыштар боюнча сотко өткөрүп берүүгө чакырышкан. Айрымдар бул ишке саясий өңүт беришкен.

XS
SM
MD
LG