Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Жээнбеков: Президент болсом кландык башкарууга жол бербейм


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланса кландык башкарууга жол бербей турганын айтууда. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте КСДПнын курултайында сүйлөп жатып билдирди.

- Кландык, жердешчилик, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын эмес, элдин кулу болуп кызмат кылып берем.

Республиканын ар бир облусунан келген 674 делегаттын баары бир добуштан Жээнбековдун талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү чечимин кабыл алышты.

Бирок курултайга чогулгандардын алдында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин төрагасы, КСДП мүчөсү Чыныбай Турсунбеков да өз талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди.

Партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов курултайдын чечимин аткарбагандарга КСДПда орун жок экенин айтты.

Шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго арызын бергендердин саны 26га жетти. Алардын төртөөнү партиясы көрсөткөн, калгандары өзүн өзү көрсөтүп жаткандар. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG