Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитети “Лейлек” чакан ГЭСин куруу укугун “Кыргыз Каганат” ЖЧКга берди. Атайын келишимге комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен “Кыргыз Каганаттын” директору Айжигит Апсатар уулу кол коюшту.
Келишимге ылайык компания эки айдын ичинде курулушту башташы керек жана үч жылдын ичинде курулушту аягына чыгарышы шарт.
Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитети өлкөдөгү 11 ГЭСти куруу боюнча тендер өткөрүп, “Кыргыз Каганат” Баткен облусундагы ГЭСти куруу боюнча мүмкүнчүлүккө ээ болсо, калган он ГЭСтин тендерин Чехиянын Liglass Trading CZ. SRO компаниясы утуп алган.
“Лейлек” чакан ГЭСинин кубаттуулугу 10 мВт түзөт. (SDz)