Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Усенбай Акынбеков атындагы орто мектептин 9-класстын окуучусу Аида Курманкулова “эгерде сен БУУнун баш катчысынын жардамчысы болсоң ааламдашкан кайсы маселени чечүүгө кеңеш берет элең?” деген темадагы дилбаян сынагында биринчиликти жеңип, ноутбук менен сыйланды.
“Кыргыз почтасы” ишканасы менен ЮНИСЕФ бирге уюштурган сынакка республика боюнча 15 жашка чейинки жети миң окуучу катышкан. Анда Аида Курманкулова терроризм маселесине токтолуп, аны кат түрүндө сүрөттөп берген.
Анын дилбаяны Швейцариядагы бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин эл аралык бюросуна жөнөтүлөт. Мектеп окуучуларына ылайыкталган мындай сынак жыл сайын уюштурулат жана ага дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн окуучулар катышат. (AlS)