“Чоң жыйырманын” саммити өтүп жаткан Германиянын түндүгүндөгү Гамбург шаарында антиглобалисттердин нааразылык акциялары уланды.
Полиция шаардагы коомдук тартипти көзөмөлгө алууга аракет кылып, суу бүркүчтөр менен көздөн жаш агызчу газ колдонду.
100 миңге жакын акция катышуучулары көчөдөгү автоунааларды өрттөп, айрым дүкөндөрдү талкалашты.
Мындай аракет саммитке катышып жаткан АКШ, Германия, Орусия баш болгон дүйнөдөгү ири жыйырма өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң классикалык музыка концертин көрүп жатканда да уланды. Полиция эки күндөн бери токтобой жаткан акцияларда ондогон адамдарды кармады.
Шаарды тартипке салууга тартылган 20 миңге жакын полициячынын 200дөйү ар кандай жараат алганы кабарланды.
Гамбурда өтүп жаткан “Чоң жыйырманын” саммитинде дүйнөдөгү орчундуу саясий, коопсуздук боюнча маселелер талкууланып жатат.
Саммит жүрүшүндө 7-июлда АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин алгач ирет жолугушуу өткөрдү. Эки саатка созулган жолугушууда АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүү, Сирия кризиси жана Украина, Түндүк Корея маселелери талкууланганы белгилүү болду.