Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

Шайлоо-2017: Мукар Чолпонбаев талапкерликке арыз берди


Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Боршайкомго арыз бергендердин саны 16га жетти.

Кечээ өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арыз “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиясынын адвокаты, Жогорку Кеңештин 1995-жылдагы чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаевден келип түштү.

Ага чейин арыз бергендердин экөөнү, "Ак шумкардын" жетекчиси Темир Сариев менен "Өнүгүү прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевди партиясы көрсөткөн.

Калганы өзүн өзү көрсөткөндөр. Алар: пенсионер Замира Муратбекова, убактылуу жумушсуз Санжарбек Энназаров, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов. (RK)

XS
SM
MD
LG