Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Саляновдун адвокаты анын студенттин өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда


Маркум Камила Дүйшөбаева.
Маркум Камила Дүйшөбаева.

Бишкек шаарынын он тогуз жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүүлөр үч жылдан бери белгисиз болуп, азыр чыкканы көп суроо жаратып жатканын Калыбек Саляновдун адвокат Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал укук коргоо органдарынын бул иш боюнча Калыбек Саляновду айыптап, издөө жарыялаганы анын тууганы, депутат Аида Салянова менен байланыштуу деп эсептейт.

Бүгүн Саляновдун жакындары Бишкекте маалымат жыйын курат.

3-июлда ИИМ 2014-жылы жазында Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы студенттин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде Аида Салянованын агасы Калыбек Саляновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Иликтөө жүрүшүндө Калыбек Элтуйбасов (Салянов) 2014-жылдын мартынын ортосунда сауна жетекчиси А.Н менен бирге видеокамералардагы жазууларды өчүргөнү аныкталганы, муну менен алар кылмыш ишти калыс жана толук иликтөөгө жолтоо болгону айтылган. 29-июнда бул иш боюнча 318-берененин биринчи бөлүгүнө ылайык (тергөөгө каршылык көрсөтүү) иш козголуп, ал Кыргызстандан чыгып кетти деген маалыматтарга байланыштуу издөө салынган. Саляновду камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы аныкталган.

Парламент депутаты Аида Салянова аталган кылмыш иш саясатташып, басым көрсөтүүнүн куралына айланып калганын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG