Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн VI чакырылыштагы курамдын экинчи сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курат.
Кечээ парламент бул сессиядагы акыркы пленардык жыйынын өткөдү. Аны жаап жатып төрага кыргыз парламенти экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
Конституциянын 77-беренесине ылайык Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт.
Регламент боюнча депутаттар эми бир ай аймактарда шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот. (RK)