Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Милиция боз эчкемердин сатылышы боюнча маалыматты иликтейт


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. Интернетте Баткен районунун Таян айылынын тургундары коргоого алынган боз эчкемерди кармап, 2 миң сомго сатып жатканы жөнүндө маалымат тараган. Учурда аталган аймактагы участкалык милицияга бул маалымат боюнча атайын тапшырма берилди. Кызыл китепке кирген жаныбарды кармап саткандар боюнча иликтөө, тактоо иштери жүрүүдө. Иликтөө ишинин жыйынтыгы менен кылмыш иши козголоору белгилүү болот.

Баткен облустук токой чарба кызматынын башчысы Абдыкалык Кимсанов мындай боз эчкемерлер Баткен, Лейлек, Кадамжай районунун ылдыйкы зоналарында жашаарын, ал эми соцтармакта айтылган Таян айылында катталбаганын билдирди.

Боз эчкемер сейрек кездешип, жоголуу коркунучу болгондуктан 1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG