Сузак: көчкүдөн жабыркагандарга жарык керек
Сузакта жер көчкүдөн жабыркаган тургундар акимчиликтен электр энергиясынын линияларын тарттырып, жол салып, суу менен камсыздоону талап кылып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого кооптуу жерден көчүргөндөн кийин элге электр энергиясы берилбей калган. Тургундардын талабынан кийин эми жарык убактылуу берилмей болду.