Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ракканын батышындагы район согушкерлерден бошотулду


Ракканын батышы
Ракканын батышы

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү Ракка шаарынын жанындагы Ал-Кадисия районун "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотту.

Араб жана күрт жоокерлеринен турган бул топ Ракканын батышындагы үч күндүк кармаштан кийин Ал-Кадисияга көзөмөлүн орнотконун согушкерлерге каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Ракка шаары "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы чордону катары саналып келет. Сириянын демократиялык күчтөрү июнь айынын башында шаарды бошотууга активдүү киришкен.

Сириянын армиясы да Раккага көзөмөл орнотуу аракетин көрүп келет. 18-июнда АКШ учактары Ракка провинциясында Сирия өкмөтүнүн СУ-22 учагын атып түшүргөн. Коалиция бул учак согушкерлерге каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнө - Сириянын демократиялык күчтөрүнө коркунуч жаратты деген жүйөнү келтирген.

XS
SM
MD
LG