Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Түркияда сабалган Маликанын соту 12-июлга белгиленди


Малика Ноотиева.
Малика Ноотиева.

Түркиянын Анталия шаарында сабалган Малика Ноотиеванын иши сотко өттү. Бул тууралуу анын адвокаты Энис Зияли "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жараян 12-июлда Анталиянын төртүнчү Кылмыш сотунда каралат. Азыр шектүү бирөө гана. Прокурор ага талап- тоноо жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча айып тагууда. Бул беренелерге ылайык, 19 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратуу талап кылынат. Сотко Малика катышат, бирок ден соолугуна байланыштуу азырынча көрсөтмө бере албашы мүмкүн.

23 жаштагы Малика Ноотиева былтыр 21-декабрда сабалып, эс-учун жоготкон абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Буга чейин башына үч жолу оор операция жасалып, баш сөөгүнө пластик коюлган. Ал эми аны сабады деген шек менен эки түрк жараны кармалган. Ишти Анталиянын Коркутели прокуратурасы тергеп жатат. Февралда Малика ооруканадан үйгө чыккан, тергөөгө байланыштуу учурда ал Анталияда жашап жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG