Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Кыйноолорго каршы маалыматтык өнөктүк жүрүүдө


Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция жана Кыйноолорго каршы улуттук борбор биргеликте эл арасында маалымат өнөктүк өткөрүп жатат.

19-июнда башталган иш-чаралар 28-июнга чейин өлкөнүн түрдүү аймактарында уланып, Ачык эшиктер күнү уюштурулат. 24-июнда Бишкекте Акыйкатчы институтунун, адвокаттардын, журналисттердин жана артисттердин катышуусунда футбол турнири өтөт.

БУУнун чечими менен 1997-жылдан бери 26-июнь - Кыйноолорго каршы эл аралык күн катары белгиленет.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясынын адистерине 2016-жылы 112 адам жардам сурап кайрылганын, алардын 72сине юридикалык көмөк көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноолор 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар милиция кызматкерлери тергөө учурунда шектүүлөргө кыйноо колдонуларын айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG