Президент Алмазбек Атамбаев 22-июнда, Орусияга жасаган сапар алкагында Башкырстандын борбору Уфа шаарына учуп кетти.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашкандай, сапар жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушат.
Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапары 19-июнда башталган.(ZKo)