"Ак-Кеме" мейманканасы мамлекетке өттү
22-июнда эртең менен милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" мейманканасын курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Мүлк" ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев мейманкананы мамлекет өз карамагына алганын ырастады. Ал эми “Ак-Кеме” мейманканасынын аткаруучу директору Белек Сарымсаков окуяны мамлекеттин баскынчылыгы катары сыпаттап, мыйзамдар одоно бузулганын айтты.