Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Чолпон-Ата шаарынын мэрине кылмыш иши козголду


Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларын, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча экологиялык мыйзамдардын иштебей жатканына байланыштуу текшерүү жүргүзгөн. Анда Чолпон-Ата шаарындагы Бостери айыл өкмөтүндө таштандылар төгүлүүчү жерге мамлекеттик акт түзулбөгөнү, таштанды талаасына расмий уруксат берилбегени жана таштанды талаасынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берилбегени аныкталган. Маалыматта айтылгандай, бул 1976-жылдан бери иштеп келе жаткан таштанды талаасын жабуу тууралуу Мамлекеттик экотехинспекция токтом чыгарган. Бирок буга Чолпон-Ата шаар башчылыгы чара көрбөй, таштанды төгүүнү улантып келе берген.

Бул кырдаалдан улам Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылган. Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин тиешелүү чара көрүү талабы менен ишти райондук ички иштер башкармалыгына багыттаган. Ысык-Көл РИИБи Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG