Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Салянова сотто ишти бейтарап кароого чакырды


Аида Салянова
Аида Салянова

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага байланыштуу ишти карады. Анда Саляновага сөз берилип, ал сотту ишти калыс жана объективдүү кароого чакырды.

- Мен иш саясий өңүттө каралып жатканын кайталайм. Сизди сот залында отурган прокурорлорду, өзүңүздү уят кылбагандай бейтарап, объективдүү кароого чакырам. Мен биринчи отурумда айттым эле, азыр деле ошондой болуп турат, сиз иш менен таанышып чыккан жоксуз.

Адвокат Чынара Жакупбекованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, бүгүнкү соттук отурум күбөлөрдүн жок болгонуна байланыштуу 23-июнга жылдырылды.

16-июндагы соттук отурумда депутаттын адвокаты чечимдерди чукул кабыл алып, калыстыкты сактабай жатат деген негизде ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөөнү өтүнгөн. Бирок судья мыйзамда мындай шек саноо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз бере албасын айтып, адвокаттын өтүнүчүн четке каккан. Тергөөчүлөр адвокаттык лицензияны узартуунун аркасы менен Алексей Елисеев өзүнүн Кыргызстанда катталган интернет сайттарын ачканын мисал келтирген.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG