Кыргызстанда 16-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33;
Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 16-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 15...17, күндүз 28...30 градус жогору болот.