Орусиянын Мамлекеттик Думасы Москвадагы реновацияны караган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. 399 депутат колдоп, экөө каршы добуш берген документке ылайык, борбордогу бир нече миң көп кабаттуу үй сүрдүрүлүп, тургундары жаңы курулган турак жайлардагы батирлерге көчүрүлмөкчү. Атап айтканда Москва бийлиги 85 райондо 4,5 миңден ашуун үйдү бузууну пландоодо.
3 триллиондук чыгымды жабуу үчүн мэрия реновациянын алкагында тургузулчу үйлөрдүн теңин сатууну көздөөдө. Бул жөнүндө шаар бийлигиндеги булакка шилтеме менен «Ведомости» басылмасы жазды.
Мэриянын бул демилгеси шаардыктардын нааразылыгын жаратып, май айында бир нече жолу акциялар уюштурулду. Үй ээлери бул мыйзам жарандардын Конституцияда каралган менчикке укугун бузаарын айтышууда.
Бүгүн полиция пикеттин 11 катышуучусун кармап кетти.