10-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30°.