Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

СNN: Катар өлкөсүндөгү хакерликке орусиялыктар аралашкан


СNN телеканалынын кабарына караганда, америкалык иликтөөчүлөр Катардын мамлекеттик агенттигинин сайтына жалган кабарды орусиялык хакерлер жайгаштырган деген ишенимде турушат.

СNN ысымы аталбаган америкалык расмийлерге шилтеме жасап билдиргендей, алар Катарга хакерликти иликтөөдө өкмөткө жардам берүү үчүн жиберген адистер жогорудагыдай маалымат жөнөтүшкөн.

Буга кошумча АКШнын коопсуздук мекемелери чогулткан маалыматтар да Катардагы хакерликке Орусия аралашканын ишара кылууда.

Бирок Катардын мамлекеттик агенттигинин сайтын бузган хакерлер Орусиянын ГРУ өңдүү аскерий чалгын мекемелерине байланышы бар-жогу анык эмес.

Кремлдин өкүлү СNN телеканалынын маалыматын эч бир далили жок деп четке какты.

Катардын мамлекеттик агенттигинин сайтына өлкө эмири атынан алар Израил менен Иранга дос экендигин күбөлөндүргөн билдирүү 23-майда жайгаштырылган эле.

Расмий Доха муну жалган деп дароо эле төгүндөгөн.

Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн, Египет апта башында Катар менен дипломатиялык мамилесин үзүүдө ал аймактагы “террордук жана сектанттык” уюмдарды колдой турганын жүйө тартты.

Расмий Эр-Рияд Доханы Иран колдогон шийит согушкерлерине да көмөк көрсөтөт деп айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG