Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Павел Шереметтин аты Вашингтондо эскерүү тактасына жазылды


Москвада өткөн Павел Шереметти эскерүү кечеси
Москвада өткөн Павел Шереметти эскерүү кечеси

Өткөн жылдын июль айында Киевде курман болгон орусиялык журналист Павел Шереметтин аты Вашингтондогу Newseum музейинин эскерүү тактасына жазылды. Аны менен чогуу медиа жаатында иштеп журүп 2016-жылы каза тапкан 13 кишинин аты-жөнү дагы жазылды.

Newseum музейинин сайтында "айрыкча сөз эркиндиги чектелген же такыр жок өлкөлөрдө журналисттердин өмүрү коркунучта экени" айтылат. Эскерүү тактасында 1897-жылдан бери иш үстүндө курман болгон дүйнөдөгү 2305 журналисттин аты-жөнү жазылып, сүрөттөрү илинген. 2007-жылы киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун аты да алардын арасында бар.

Павел Шеремет бир жыл мурун 20-июлда Киевдин борборунда айдап бараткан автоунаасы жарылып каза болгон. Украин бийликтери Шеремет Орусиядагы жана Беларустагы профессионалдык, оппозициялык ишмердиги үчүн өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп шектенген.
Украин ИИМнин жетекчиси Арсен Аваков журналисттин өлүмүнө орусиялык атайын кызматтар арлашкан болушу мүмкүндүгүн айткан. Орусия болсо журналисттин "коопсуздугун камсыз кыла алган жок" деп Киевди айыптаган.

XS
SM
MD
LG