Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Тиллерсон араб өлкөлөрүн пикир келишпестиктерди жоюуга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен дипломатиялык мамилеcин токтоткон Перс булуңундагы өлкөлөрдү биримдикке чакырып, алардын мындай чечими «күтүүсүз» болгонун белгиледи.

Мамкатчы тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ортодогу пикир келишпестиктерди жоюушу керек деп эсептейт. Андан сырткары ал зарыл болсо көйгөйдү чечүүгө жардам берүүгө дагы даяр экенин айтты.

Күн мурун Бахрейн, Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирлиги Катар менен дипломатиялык мамилеcин токтотконун билдиришкен. Кийинчерээк ал чечимге Йемендин расмий бийлиги жана Ливия менен Мальдивдин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган убактылуу өкмөттөрү да кошулган.

Аталган өлкөлөр Катар «Ислам мамлекети» жана «ал-Каида» террордук уюмдарын колдоп жатканын жана мындан улам аны менен болгон бардык байланыштарын токтото турганын айтышкан. Йеменде шииттик хуситтерге каршы согушуп жаткан эл аралык коалициянын башында турган Сауд Арабиясы мындан ары Катардын аскерлери бул согуштук операцияларга катышпай турганын билдирди.

Катардын бийлиги дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин «далилсиз айыптоолорго» негизделген деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG