Ашхабаддын тургундары кеминде төрт банктын филиалынан чет элдик валютада акча ала албай жатышат. Маалыматтарга караганда, мамлекеттик банктардын алдында 50-60 киши кезекте турууда. Алардын арасында чет өлкөдөн айлык алгандар дагы бар.
“Мен жана дагы 100дөй кесиптешим он күндөн бери Өндүрүш Банкынын филиалынан айлыктарыбызды ала албай жатабыз. Акча түшкөндө чалабыз дешип, бирок чалышпайт. Күн сайын ушундай окуя кайталанууда”,- деди Пушкин атындагы орусиялык мектептин мугалими.
Өнүрүш банкынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, мындай кырдаал Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын азайгандыгынан келип чыгууда. Бул маалыматты бийлик өкүлдөрү тастыктап же четке каккан жок.