Шаардыктар кыйылган бактарга "аза күтүштү"
2-июнь күнү кечинде Бишкектин Токтоналиев көчөсүнүн ондон ашык тургуну күндүз кыйылган бак-дарактарга арналган акция өткөрүштү. Ага катышкандар кыйылган бак-дарактарга "аза күтөбүз" деп шам жагышты. Муну менен алар шаардык бийликтин бак-дарактардын кыюусуна каршылыгын билдиришет. Бишкекте шаар бийлиги Алиаскар Токтоналиев атындагы көчөнүн жээгиндеги 140тан ашуун бак-даракты кыя баштады. Буга жергиликтүү тургундар, активисттер нааразылык билдиришүүдө. Күндүз милиция коомдук тартипти бузду деген негизде нааразылык акциясына чыккан он кишини түштө кармап кеткен.