Бул тууралуу сириялык активисттер билдирди. Алардын маалыматына караганда, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жаңылыктар агенттигинин башчысы, анын кызы жана бир тууганы өткөн аптада Сириянын чыгышындагы аба соккудан мерт болгон.
ИМ тобу өзү алардын “Амак” агенттигинин негиздөөчүсү Бераа Кадик же Раян Мешаалдын өлүмү тууралуу эч нерсе айта элек.
Сириялык оппозициячыл активисттердин айтымында, Мешаал ИМ тобунун жетекчилигине жакын жана алардын ишенимине кирген адам болчу.
Мешаалдын бир туугандарынын бири Хазайфа жана мурдагы достору Фейсбуктагы баракчаларында ал Сириянын Деир ал-Зор провинциясындагы Майадин шаарчасындагы үйүнө АКШ баштаган коалициянын учактары абадан сокку урганда мерт болгонун жазышты.
Мешаал баштаган “Амак” агенттигинин интернет сайты 2014-жылы негизделген. Ал ИМ тобунун пропагандалык органы катары дүйнө боюнча жасалган кеминде жыйырмадай кол салууга жоопкерчилик алганын жарыялоо үчүн колдонулган. (UE)