Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Беш акын" долбоорунун экинчи айлампасы өтүп жатат. Ага 1950-60-жылдар аралыгында туулган акындар - Өмүрбүбү Бегалиева, Бибира Бектенова, Салтанат Орозобекова, Бурулкан Сарыгулова, Бактыгүл Сейитбекова катышууда.
Иш-чараны ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз Улуттук жазуучулар биримдиги жана ЭЛТР каналы биргеликте уюштурган. Таймаштын биринчи айлампасы 2-майда өтүп, ага Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова жана Абдыжапар Эгембердиев катышкан. Акын Гүлжамила Шакирова биринчи орунду алган.
Таймаш эрежеси боюнча, бир муундагы беш акын беш тапшырма аткарат. Калыстар тобуна экиден ырын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор жаңырат. Катышуучулар ыр жазгандан башка өнөрлөрүн да көрсөтөт.
ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы башталган бул долбоор алгач КТРК менен биргеликте ишке ашып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.
2015- жылы өткөн кылымдын 40-50-жылдары ортосундагы акындар арасынан Анатай Өмүрканов, 50 - 60-жылкылардан Карбалас Бакиров, 60 - 70-жылкы муундан Атантай Акбаров, 70 - 80-жылдагы муундан Зайырбек Ажыматов жеңишке жетишкен.
Долбоордун алгачкы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 доллар акчалай сыйлык берилип, Түркияда өткөн поэзия фестивалына катышып кайтышкан. (ZA/NT)