Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

ЖМК: АКШ Париж келишиминен чыкканы турат


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Президент Дональд Трамп АКШны климаттык өзгөрүүнү токтотууга багытталган Париж келишиминен чыгаруу алдында турганын Америка медиасы кабарлап чыкты.

"ABC-Ньюс" каналы, "Рейтер" агенттиги өз булактарына таянып, президент Трамп аталган келишимден чыгууну чечкенин кабарлашты. “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттигинин булагы акыркы чечим кабыл алына электигин ишара кылды.

2015-жылы кабыл алынган Париж келишими зыяндуу газдарды чектөөнү көздөйт. Президент Трамп шайлоо өнөктүгү маалында бул келишимден чыгуу идеясын алга сүрөгөн. Ал өткөн аптада "Чоң жетинин" Сицилиядагы саммитинде аталган келишимге колдоо көрсөтүүдөн карманган.

XS
SM
MD
LG