Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынынын күн тартибине “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр 17-майда экинчи окууда добуш берүүгө жиберилген. Мыйзам долбоордо шайлоо күнүн 15-октябрга белгилөө, президенттикке талапкерлердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү, "шайлоо босогосун" 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу, байкоочуларды саясий партиялардыкы жана коммерциялык эмес уюмдардыкы деп экиге бөлүү сунушталган.
Эгер бүгүн парламент 15-октябрды шайлоо күнү деп белгилесе, БШК 15-июндан тарта президенттикке талапкерлерди расмий каттоону баштайт.
Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. (NT)