26-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10;
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27°.