"102" номуруна Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында шектүү нерсе жатканы тууралуу телефондук билдирүү түшкөн. Милициянын жана атайын кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерди курчоого алган. Ал жерде шектүү куту табылып, УКМКнын саперлору аны жок кылды.