Сириядан балдарын күткөн ата-эне
Расмий маалыматтарга ылайык, Сириядагы жоочулардын катарында жүздөгөн кыргызстандыктар согушуп жүрөт. Айрымдары кайтыш болгону расмий кабарланган. Калаба тутанган чөлкөмгө жөнөп кеткендердин жакындары болсо алардын аман-эсен кайтып келишин тилеп отурушат. Кайра келгендерди камак жазасы күтүп турат.